10:02, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

47 млн сомго оңдоо иштери башталган опера жана балет театры. Сүрөт

На русском
08:30, 9 теке 2019 157
Малахитовый зал
Малахитовый зал

Баракелде -  Учурда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратында оңдоо иштери жүрүп жатат. Театрдын жетекчиси Керим Тураповдун айтымында, оңдоо иштери ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин башчыларынын жыйынына карата шашылыш башталган.

«Саммитке карата «Манас» операсын коюуга даярдык жүрдү», - деди директор.

К.Тураповдун маалыматы боюнча, оңдоо иштерине бюджеттен 47 млн сом бөлүнгөн. Подрядчы катары «Бек-Строй» компаниясы тендерден утуп чыгып, ишке киришти.

«Театрда кондиционер жок. Канализацияны алмаштыруу керек. 47 млн сом жетишсиз деп ойлойм», - деди К.Турапов.

Анын пикиринде, театрдын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 210 млн сомдой каражат керектелет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком