03:13, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020250 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020140 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
20:10, Үчтүн айынын он алтысы, 2020 (4 адам окуп жатат)
Аксылык мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигин сотко берет
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
15:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (1 адам окуп жатат)
Бишкекте эки жол тандабас кагышып, 3 адам жабыркады

Болот Шамшиевдин унаасын уурдап, өрттөп кеткен шектүү жигит каза болду

На русскомEnglish
16:51, Теке айынын сегизи, 2019 399
Уурдалгандан кийин өрттөлгөн унаа
Уурдалгандан кийин өрттөлгөн унаа

Баракелде -  Кинорежиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдаган шектүүлөрдүн бири каза болду. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тастыкташты.

Маалыматка караганда, 25 жаштагы шектүү Л.Ю. 3-июлда көз жумган.

«Ал 2-майда №47 түзөтүү абагына которулган. 31-майда Улуттук кардиология борборуна которулуп, операция жасалган. 2-июлда баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыккандыктан биздин мекемеде эмес болчу», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым басылмаларда шектүү Л.Ю. убактылуу кармоочу жайда каза болгону жазылган.

Өткөн жылы ноябрь айында бегисиз адамдар Болот Шамшиевге таандык «Мерседес Бенц Е-230» унаасын уурдап кетип, өрттөп жиберишкен. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дөңгөлөгү жок өрттөлгөн унааны Ысык-Ата районунун Милянфан айылынан табышкан болчу. Ал эми бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 170-берененин 1-бөлүмү (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иш козголгон.

Кийинчерээк шектүү катары 1994-жылы туулган Ш.К. менен 1993-жылы туулган Л.Ю. кармалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком