08:58, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020584 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (23 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (2 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?

Кадамжайда бир нече уурулук жасаган кылмыштуу топ кармалды (сүрөт)

На русском
11:35, Теке айынын сегизи, 2019 359

Баракелде -  23-24-июнга караган түнү болжол менен таңкы саат алтыларга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда «Хонда Жазз», «Хонда Фит», «Хонда Аккорд» жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү автоунаалардын ичине уурулар кирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү ички иштер органдарына Кадамжай шаарынын жана Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын алты жашоочусу арыз менен кайрылган. Алар автоунааларынын ичинен капчыктарын, акча каражаттарын, кийимдерин, автомагнитолун жана башка буюмдарын белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген. Андан сырткары кылмышкерлер эки автоунаанын ичинен банк карталарын уурдап, банкоматтан акча каражаттарын чыгарып кетишкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кадамжай РИИБи уурулук фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзө башташкан. Аталган кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган иш-чаралардын натыйжасында Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталды.

«ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү шектүү унаа шаардын көчөлөрүндө жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «Жигулинин» номуру башка унаага тиешелүү экендиги такталган. Мамлекеттик номурдун ээсин такташканда, ал Оштун жашоочусу (аял киши) болуп чыгып, «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаасы өткөн жылдын күз айынан бери техникалык тейлөө станциясында оңдолуп жаткандыгын билдирген. Андан соң ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери эки автоунаанын ичинен уурдап кетишкен банк карталарынан ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарынын Молодежная көчөсүндөгү жергиликтүү банктын банкоматынан айлык маянаны чыгарып алышкан шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташкан.

Маалым болгондой бул автоунаалардын ээлери күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болгондуктан банк картанын сыр белгиси менен капчыкта алып жүрүшкөн. Кийинки иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Кадамжай РИИБдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар мурда соттолгон эки жаранды кармашты.

Шектүүлөр — Ош облусунун 1991-жылы туулган Ж.у.С. аттуу жашоочусу 2018-жылы Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 172-беренесинин негизинде 3 жылга, ал эми Ош шаарынын 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жашоочусу март айында Өзгөн райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок экөө тең жазаларын толук өтөгөн эмес. Азыркы учурда соттун чечими менен экөө эки айга камакка алынды.

Кылмышкерлер башкарып жүргөн «ВАЗ 2107» автоунаасын жана жол тандабасты текшерүү учурунда ичинен автомагнитол, бет кап, ачкычтардын топтому, балта, домкрат, ширетүүчү аппарат жана башка буюмдар табылган. Ошондой эле кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.у.С. аттуу жарандын Кара-Кулжа айылындагы үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылар алынды.

Азыркы учурда Кадамжай РИИБ тарабынан уурулук фактылары боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком