08:48, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

28 жаштагы жигит эки адамды атып өлтүрүп, качып кетти. Ысык-Көлдөгү окуянын жаңы жагдайлары

На русском
18:34, 5 теке 2019 1549
Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Баракелде -  Ысык-Көл облусунун Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде туристтик фирманын кызматкери эки кесиптешин атып, өзү качып кетти. Учурда укук коргоо органдары шектүүнү издеп жатышат.

АКИpress агенттигине окуянын айрым жагдайлары маалым болду.

Лагерь «Тур Хан-Теңири» компаниясына таандык. Ал Эңилчектин жээгинде Майда-Адыр чек ара заставасынан 20 чакырым, Каракол шаарынан 180 чакырым алыстыкта жайгашкан. Лагерь бир нече жылдан бери иштеп, туристтер, альпинисттер жана мергенчилерди кабыл алат. Сезондо бир нече адам иштейт. Окуя болгон күнү жетекчинин орун басары Дөөлөт (48 жашта), кызматкер Карим жана кароолчу Сергей (28 жашта, шектүү) болгон.

Лагердин жанында чабандын үйү жайгашкан. Ал жерде Улукбек үй-бүлөсү менен чогуу мал багат.

Сергей балдар үйүндө тарбияланган. Компания ушул жылдын март айында аны кароолчу катары жумушка алган. Сергей аймакты жакшы билет, буга чейин туристтик фирмаларда гид болуп иштеген.

Күбөлөрдүн айтымында, Сергей спирт ичимдигин көп ичет. Ал чабандын үй-бүлөсүнөн арак сурап барганда ага беришкен эмес.

4-июлда таң эрте лагердин кызматкерлери жана чабандын үй-бүлөсү эртең мененки тамакты ичүү үчүн чогулушкан. Бул учурда Сергей Дөөлөткө таандык «Вепрь» үлгүсүндөгү курал менен кирип барган. Ал куралды сейфтен кантип алып чыкканы белгисиз.

Ал Улукка курал такап коркуткан. Улук кыйкырып, куралды алуу керектигин айткан. Диванда жаткан Дөөлөт ордунан туруп, кыйкырып жиберген. Дөөлөт — ИИМдин ардагери. Сергей куралды Дөөлөт тарапка багыттап, 3 жолу ок чыгарган. Карим Сергейден куралды алууга аракет жасаганда анын ичине ок тийген.

Улук Сергейдин колунан кармоого жетишип, куралды алган. Бирок Сергей бычак алып, Улуктун колуна тийген. Ал жубайын жана балдарын алып, лагерь тарапка качып кеткен.

Октун үнүн лагерге жакын жайгашкан станциянын кызматкери Ирина угуп келип, окуяга күбө болгон. Сергей аны жанына алып, ат менен качып кеткен.

Окуядан кийин Дөөлөт окуя болгон жерде каза болсо, Карим оор жаракат алган. Аны унаа менен чек ара заставасына алып барууну чечишкен. Бирок Карим ал жерге жетпей көз жумган.

Саат 12:20да чек арачылар окуя тууралуу милицияга билдиришкен.

Бүгүн, 5-июлда таң эрте Сергей барымтага алган Иринаны бошотту.

Сергей аймакты жакшы билгендиктен жашынып калган же Эңгилчек дарыясынан өтүп, Сары-Жаз тарапка барып, андан кийин Казакстан же Кытайдын чек арасынан өтүп кеткен болушу мүмкүн.

Учурда Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин өздүк курамы издөө иштерин жүргүзүп жатат. Издөө операциясын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жетектөөдө.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Хан-Теӊири» лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир адам барымтага алынганын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком