05:54, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте сабалган чет өлкөлүк жаран көз жумду. Артында 2 кызы калды

На русскомEnglish
08:51, 5 теке 2019 1916

Баракелде -  Бишкек шаарында сабалган чет элдик жаран көз жумду. Ал «Кембридж скул» (Cambridge School) тил үйрөтүүчү мектебинин директору болчу.

Анын артында жубайы (кыргыз) жана 2 кызы калды. Ал Нигериянын 1985-жылы туулган жараны Т.Абубакар экени белгилүү болгон.

Социалдык тармактардагы маалымат боюнча, Али Абубакар Нигерияда төрөлүп, Бириккен Араб Эмираттарында жана Кыргызстанда (эл аралык «Ала-Тоо» университети) билим алган. Ал Кыргызстанда аталган тил үйрөтүүчү мектепти негиздеген.

А.Абубакар 2000-жылдан бери Бишкек шаарында жашап жаткан.

---------------------------------------------------------------

Буга чейин кыргызстандык жаран аны 2-июлда саат 16:30 чамасында «Айчүрөк» соода борбору тараптан сабаганын «Репортерго» күбөлөр билдирген болчу.

«Жаакка урулган соккудан кийин асфальтка башы менен жыгылган. Андан кийин эс-учун жоготту», - деген окуяга күбө болгон окурман.

---------------------------------------------------------------

Кийинчерээк ШИИБдин басма сөз кызматы 2-июлда саат 17:30 чамасында 102 кызматына Улуттук госпиталдан оор жаракат алган чет элдик адам түшкөнү тууралуу билдирүү келгенин билдирген.

«Ошондой эле 102 номуруна "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанында азиат түспөлүндөгү белгисиз адам Нигериянын 1985-жылы туулган жараны Т.А.ны сабаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Учурда жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө», - деп айтылган милициянын билдирүүсүндө.

---------------------------------------------------------------

Андан кийин чет өлкөлүк адамды сабаган шектүү кармалган. Ал 3-июлда Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.

Шектүү — Чүй облусунда 1997-жылы туулган К.Э. Бишкек ШИИБге убактылуу камакка алынды.

Подозреваемый в избиении иностранца

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком