23:31, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы банктарга айыл чарба жана кайра иштетүүгө насыя берүүнү күчтөндүрүүнү тапшырды

На русском
17:44, 4 теке 2019 106

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшкө катыштыгы бар каржылык-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Айыл Банк» ачык акционердик коому, «РСК банк», «Кепилдик фонду», Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүктөрү боюнча маалымат берилди.

Өкмөт башчысы ушул жылдын 5 ай ичинде ички дүң продукция 5,6 пайызга өскөндүгүн баса белгиледи.

«2019-жылдын 5 айында республиканын коммерциялык банктарына 136,4 млрд сомго насыя, анын 86,6 млрд сому улуттук валюта түрүндө берилген. Насыялар берилген чөйрө: соодага — 36 млрд сом, айыл чарбасына 27,4 млрд сом, керектөөгө 14,6 млрд сом, ипотекага 13 млрд сом, курулушка 12,3 млрд сом, өнөр жайга 11,2 млрд сом. Белгилүү болгондой, биз үчүн артыкчылыктуу багыттар аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат.

Муну менен бирге аймактарда коомдук-экономикалык абалды жакшыртууга, ишканаларды өнүктүрүү менен жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, аймактардагы банктарды өнүктүрүү боюнча маанилүү, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында банктык кызмат көрсөтүүлөр менен коомдун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу керек», - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бизнес-долбоорлорун жөнөкөйлөтүүнү кайра карап чыгуу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана туризм чөйрөсүндөгү объекттерди насыялоо керек.

Жыйындын жүрүшүндө каржы-кредиттик уюмдарга, анын ичинен «Айыл Банк» ААКга, региондордо айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын насыялоо ишин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком