11:11, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл чарба министрине жаңы орун басар дайындалды

На русскомEnglish
16:02, 3 теке 2019 142
Амангельди Исаев
Амангельди Исаев

Баракелде -  Өкмөттүн аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары Амангелди Исаевди тааныштырды.

Аны кызматка дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр бүгүн, 3-июлда кол койгон.

Исаев Амангелди Сапарбекович 1968-жылы 17-майда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин окумуштуу агроном адистиги, ошондой эле Президентке караштуу башкаруу академиясынын жогорку мектебин мамлекеттик саясат жана башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.

- 2012-2016-жылдары Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору болуп эмгектенген;

- 2016-2017-жылдары Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары болгон;

- 2017-жылдан баштап Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору болуп иштеп жаткан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком