05:59, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: 2-этапта 306 түйүн аппараттык-программалык комплекс менен жабдылат

На русском
13:43, 2 теке 2019 80

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Коопсуз шаар» долбоорун толук кандуу ишке ашырууга жетишилгендигин, борбор шаардын жол инфраструктурасын жакшыртууга кеңири масштабдуу иштер уюшулгандыгын Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгиледи.

«Айдоочулар жолдун кээ бир бөлүктөрүндөгү жол белгилерин уюштурууга, жол иштерин жоопкерчилик менен уюштурууга чакырышкан. Абдан чоң жумуш аткарылгандыгын белгилөөгө болот. Тиешелүү мамлекеттик органдар оперативдүүлүк менен өздөрүнүн жетишсиз иштерин оңдошкон, биздин жолдо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашкан», - деп белгиледи премьер-министр.

Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу иштери талкууланды.

«Конкурстук арыздар ачылат. Квалификациялык талаптарга жана техникалык чечимдерге көрсөтүлүп, алардын сунуштамасы боюнча сынактын кийинки туруна киргизилип, 21 күнгө созулат. Баалоонун жыйынтыгы менен ачылган сунуштамага төмөнкү баадагы сунушталган тендердик өтүнмө гана жеңишке жетет. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт.

Подрядчы (сатып алуучу уюмдун берүүчүсү) келишим түзүү үчүн бир жыл ичинде бардык уруксатты алууга жана өлкөнү техникалык жабдуу, программалык комплекс менен камсыздоо системасын республиканын бардык аймактарына орнотууну камсыз кылууга тийиш. Долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландаштырылып жатат. Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн: 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплексин жабдыйт», - деп билдирди Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев.

Премьер-министр «Коопсуз шаар» долбоору боюнча кийинки этапта ишке ашыруу тартибин калыбына келтирүүгө жана кээ бир мамлекеттик органдардын күч-аракети менен гана эмес, республика боюнча жолдордун ошондой эле коомдун активдүү жарандары колдоого көңүлүн бурат деген ишенимин билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком