11:17, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Атамбаевдин банктагы эсептери камакка алынган жок, - башкы прокурор (видео)

На русском
14:46, 27 кулжа 2019 113
Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов

Баракелде -  Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары күн тартибиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жөнүндөгү маселени карашты. Анын жүрүшүндө депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго суроо берип, жооп алышты.

Депутат Эмил Токтошев «Ата Мекен»: «Атамбаевдин банктардагы эсептери камакка алынды деген маалымат чыкты, ушул туурабы?», - деп сурады.

Депутатка жооп берген башкы прокурор: «Бул туура эмес, эч кимдин эсептерине камоо салынган жок», - деди.

----------------------------------------

Бишкектин Биринчи май райондук соту айрым адамдардын Кыргызстандагы коммерциялык банктардагы ячейкаларда 2009-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин сакталган депозиттик жана башка эсептер, операцияларга тиешелүү бардык документтерин өндүрүшкө алууга уруксат берген. Тиешелүү токтом 19-июнда чыккан.

----------------------------------------

Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин «Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президенти макамынан ажыратуу жөнүндөгү» токтом долбоорун окуп берди. Андан кийин депутаттар ачык добуш берип, жыйынтыгында токтомду 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болду.

Каршы добуш берген депутаттар — Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Мурадалы Мадеминов, Альфия Самигуллина жана Карамат Орозова.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком