02:03, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020151 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Өзбекстандын мурунку башкы прокурору 10 жылга камалды

На русском
08:53, Кулжа айынын жыйырма жетиси, 2019 188

Баракелде -  Кечээ, 26-июнда Өзбекстандын Ташкент шаардык соту мурунку башкы прокурор Рашитжон Кадыровго жана 13 адамга карата айыптоо өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун маалыматына ылайык, Рашитжон Кадыров 2000-2015-жылдары башкы прокурор кызматын ээлеп турганда прокуратура жана укук коргоо органдарынын жогорку даражадагы кызматкерлери менен оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган.

Соттун жабык отуруму алты айга созулган. Анда айыпталуучулардын бардык далилдери текшерилген. Андан тышкары 200 күбө суралып, кызматтык текшерүүлөр, кылмыш боюнча чогулган далилдер, экспертизанын жыйынтыгы изилденди.

Соттун чечими менен Рашитжон Кадыров күнөөлүү деп табылып, Өзбекстандын Жазык кодексинин 50-беренеси боюнча 10 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 12 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттүү.

Ал эми башка айыпталуучулар дагы мыйзам чегинде жазаланып, ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары сот оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жогорку даражадагы кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу чечимин чыгарды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком