16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202037 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды

АФК Кубогу: «Дордой» менен «Худжанд» клубу беттешет

На русском
11:39, Кулжа айынын жыйырма алтысы, 2019 276
Истиклол - Дордой
Истиклол - Дордой

Баракелде -  Бүгүн, 26-июнда учурдагы өлкөнүн чемпиону «Дордой» клубу Азия футбол конфедерация Кубогунда жыйынтыктоочу беттешин өткөрөт.

Александр Крестининдин командасы тажикстандык «Худжанд» клубуна каршы беттешет. Бул жолугушуу турнирдеги тайпалык этаптын 6-турунун алкагында өтөт. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Беш турдун жыйынтыгы менен эки команда тең плей-офф баскычына чыга алган жок. Тайпалык этаптын 2-турунда «Худжанд» менен «Дордой» клубу Тажикстанда беттешкен. Анда тажикстандык клуб «Дордой» клубун 3:1 эсебинде жеңип алган.

Плей-офф баскычына жолдомо алуу үчүн аталган топто «Истиклол» менен «Алтын Асыр» клубу Тажикстанда оюн өткөрөт.

6-тур, 26-июнь

Саат 20:00 «Дордой» - «Худжанд»

Саат 20:00 «Истиклол» - «Алтын Асыр».

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком