10:02, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте Казакстандагы жарылуудан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултулуп жатат

20:15, 25 кулжа 2019 (Жаңыланды: 21:05, кулжа 25 2019) 922

Баракелде -  Бишкек шаарында Казакстандагы жарылуудан жабыркап, башка аймакка эвакуацияланган жашоочулар үчүн гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Мындай чакырыктар социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Жашоочулар, жаш балалуу үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап качкандыктан гигиеналык каражаттар, жаш балдарга керектүү буюмдар дагы алар үчүн маанилүү. Гуманитардык жардамды чогултуу иштери Спорт сарайы тарапта жүрүп жатат. Байланыш номуру: +996 555 990555 (Чыңгыз Үсөнов). Элсом: +996 559 022 777.

«Жардамды Казакстандын парламентинин депутаты Нуржан Алтаев кабыл алат», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Казакстандагы активисттер, жарандар жардам көрсөтүү иштерин башташкан.

-------------------------------------------------------------

24-июнда Арыс шаарынан алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктө жарылуу болгон. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул окуя боюнча кылмыш иш да козголду.

Расмий маалыматтарда болжолдуу 165 адам медициналык жардамга кайрылганы айтылат. Алардын арасында кош бойлуу келиндер жана жаш балдар да бар. Жабыркагандардын айрымдары ооруканага жаткырылса, айрымдары текшерүүдөн кийин үйүнөн дарыланууга жөнөтүлдү. Ошондой эле каза болгондор, оор жаракат менен жандандыруу бөлүмүндө жаткандар бар.

Куткарылган жашоочулар менен президент Касым-Жомарт Токаев да жолугушту.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком