06:21, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Парламенттик журналисттер клубу түзүлдү

18:38, 25 кулжа 2019 92

Баракелде -  Кыргызстанда парламенттик журналисттер клубу түзүлдү. Мындай чечим 22-23-июнда Ысык-Көлдө отузга жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан жыйын учурунда кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жыйында парламенттин 2019-2020-жылдардагы коммуникациялык стратегиясы талкууланып, төрага Дастанбек Жумабеков да катышты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттер Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин, фракциялардын жана парламенттин имаратында өтүп жаткан коомдук жана парламенттик угууларды да түз эфирде чагылдыруу муктаждыгы бар экенин белгилешти.

Төрага Дастанбек Жумабеков медиа кызматкерлерге кайрылып, Жогорку Кеңештин жетекчилиги журналисттер менен кызматташууга, алардын бул багыттагы сунуштарын угууга ар дайым даяр экенин белгиледи.

«Мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн сиздердин аткарып жаткан кызматыңыздар өтө маанилүү. Ар түрдүү маселелер боюнча коомдук пикирге таасир этип, ошол эле учурда мамлекеттик бийлик бутактарынын ишин адилеттүү чагылдырат деп ишенебиз», - деди төрага.

Ал эми Парламенттик журналисттер клубу парламенттин басма сөз кызматынын демилгеси менен Жогорку Кеңештин коммуникациялык стратегиясынын алкагында түзүлгөн. Уюмга алгач жыйырмадан ашуун кабарчы мүчө болуп кирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун айтымында, бул клубдун негизги максаты — Жогорку Кеңештин ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоо, аккредитациядан өткөн жана парламенттин ишин активдүү чагылдырган кабарчыларга тренингдерди өткөрүү.

«Клубга позиция-оппозиция дебестен, бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кошула алат. Биз аларга эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча эң мыкты адистер менен окууларды өткөрөбүз», - деди Ибраим Нуракун уулу.

Парламенттик журналисттер клубунун алгачкы жыйынында бул уюмдун жобосу да кабыл алынды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком