06:21, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Фоторепортаж — Баланын укугу жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгына арналган улуттук форум

На русском
18:33, 25 кулжа 2019 217

Баракелде -  Бүгүн, 25-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргызстан бул конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган улуттук форумга катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири болуп саналат. Форумда актуалдуу темалар жана өлкөдө балдардын укугунун сакталышын камсыз кылуу жана коргоо боюнча механизмдер талкууланды.

Иш-чарага БУУ балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун, жергиликтүү бийлик, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Форумдун аягында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком