10:02, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жума намазда унаанын айнегин талкалап, 20 миң доллар менен 400 миң сомду уурдап кетишкен (видео)

На русском
18:01, 25 кулжа 2019 123

Баракелде -  Автоунаанын ичиндеги буюмдардын уурдалышы боюнча милиция чара көрбөй жатат. Бул тууралуу бишкектик С.Б. аттуу жашоочу «Репортерго» билдирди. Ал 12-апрелде анын ири суммадагы акчасы менен документин белгисиз жарандар уурдап кеткенин айтты.

Жабырлануучунун маалыматы боюнча, ал жума намазды окуу үчүн Жал кичи районунда жайгашкан мечитке кирген. Ошол учурда белгисиз адамдар унаасынын айнегин талкалап, анын ичинен документ, ноутбук менен 20 миң доллар жана 400 миң сом өлчөмдөгү акчасын уурдап кетишкен. Анын айтымында, ал унаасынан ири суммада акча уурдалганын билгенден кийин дароо милицияга телефон чалып, окуя тууралуу айтып берген.

«Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, тиешелүү документ толтурушуп, ишти көзөмөлгө алышкан. Кийинчерээк ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин атына кат жаздым. Бир жумадан кийин тергөө кантип жүрүп жатканын билүү үчүн Бишкектеги Ленин районунун милиция бөлүмүнө бардым. Ал жерден кандайдыр бир чара көрүлбөгөнүн билдим. Ошондон кийин өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү чечтим. Уурулук болгон жерге жакын турак жайларга орнотулган видеокамерага тартылган жазууну милицияга бердим. Видеокамерага автоунаа менен келген 4 жигиттин экөө унаамдын айнегин талкалап, баалуу буюмдарды уурдап кеткени тартылып калган», - деди ал.

Жабырлануучу билдиргендей, уурулукка шектелген адамдардын өздүгү такталганына карабастан, аларга эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ал иштеген фирмага акчанын жарымын кайтаруу үчүн унаасын сатканын айткан. Эми уурдалган акчаны толугу менен кайтарып берүү үчүн батирин сатыкка койгон.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы уурулук фактыны тастыкташты. Маалыматтарга караганда, учурда шектүүлөрдү кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком