10:01, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:33, жетинин айы 21 2019 (4 адам окуп жатат)
Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

Владимир Кличкону өрттөнүп жаткан кемеден алып чыгышты

На русском
17:44, 25 кулжа 2019 322

Баракелде -  Мурунку боксчу Владимир Кличкону өрттөнүп жаткан кемеден чыгарып, куткарып калышты. Окуя 22-июнда Испанияда болгонун «Lenta.ru» басылмасы жазды.

Булактардын маалыматы боюнча, кеме Ибица аралынан Мальоркага бара жаткан. Кемеде Кличко жана анын жакындары, достору бар болчу. Алардын баары испаниялык куткаруучулар тарабынан куткарылды. Ал эми кеменин бир бөлүгү өрттөнүп кеткен.

В.Кличко окуя боюнча комментарий берип жатып кеменин командасы жана куткаруу кызматынын жардамы менен баары аман калганын билдирди.

Украиналык Владимир Кличко оор салмактагылар арасында абсолюттук дүйнө чемпиону болуп, наамын 14 жолу коргоп калган. Ал акыркы жолу рингге 2017-жылы апрель айында чыккан болчу. Анда украиналык боксчу британиялык Энтони Жошудан жеңилип, спорттон кеткенин жарыялаган. Ал профессионалдык бокста жалпы 64 жолу жеңишке жетип, 5 жолу утулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком