10:01, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

На русском
17:29, 25 кулжа 2019 91

Баракелде -  Кыргызстандын аймагында бүгүн, 25-июнда саат 15:00дө жер титирөө болду. Анын очогундагы күчү 3 баллга жетти, деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту.

Жер титирөөнүн очогу Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында, Баткендин Кадамжай районундагы Өтүкчү айылынан түштүк-батышка 4 чакырымда, Кызыл-Коргон айылынан түштүк-батышка 6 чакырымда, Баткен шаарынан түндүк-чыгышка 20 чакырымда жайгашат. Өтүкчү, Кызыл-Коргон айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком