06:20, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 59 жаштагы аял 3 млн сомдук азык-түлүктү алдап алган

На русском
17:21, 25 кулжа 2019 259
Шектүү аял
Шектүү аял

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБге 21-июнда А.А. аттуу жашоочу (аял киши) арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 6-январында өзүн Дилбара деп тааныштырган аял ишенимине кирип, 12-кичи райондо бартердик негизде 2,5 млн сомго кум шекер берем деп 3 млн сомдук азык-түлүк алып кеткени көрсөтүлгөн. Бирок убаданы аткарбай качып кетип, жабырлануучуга ири өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирген. Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1960-жылы туулган А.М. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Шектүүдөн жабыркагандар 0(502) 10-23-27, 0(706) 23-33-06 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком