10:01, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россияда кыргызстандык жигитти сабап, 101 миң рубль акчасын алып кетишти

На русском
16:47, 25 кулжа 2019 285
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын 28 жаштагы жараны сабалып, акчасын да уурдатты. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары ИИМдин Москва боюнча башкармалыгына шилтеме билдирип жарыялашты.

Окуя 24-июнда көчөдө болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жабырлануучу таксист болуп эмгектенчү.
Анын иномарка унаасына 2 эркек киши жүргүнчү катары отуруп, көп узабай бычак менен коркутуп башташкан. Андан кийин токмоктошуп, уюлдук телефонун, 101 миң рубль суммасындагы акчасын тартып алып, өздөрү качып кетишкен.

Кыргызстандын жабыркаган жараны полицияга кайрылып, бул факт боюнча каракчылык беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө, тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком