08:42, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандагы жарылуу: Ыйлап, ата-энеси менен коштошкон жоокерге акча беришти (видео)

На русском
16:24, 25 кулжа 2019 1522

Баракелде -  Казакстанда жарылуу болгон аймакта ата-энесине кайрылуу жасаган жоокер видеону эмне үчүн тартканын айтып бергенин «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.

27 жаштагы Исатай Алибаев Алмата шаарынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 4 ай мурун кыздуу болгон. Ал 2011-жылы аскерге чакырылып, 8 жыл кызмат өтөп, лейтенант наамын алган.

Исатайдын айтымында, алгач эмне болуп жатканын түшүнбөй калган.

«Окуя саат 9:15-9:20 чамасында болду. Курал-жарактар учуп, жарылып жатты. Бизди бомбалап жаткандай сезилди. Бардыгы урап жатты, калдыктар 2-3 чакырым алыста учуп жаткандыктан аман калдык», - деди ал.

Лейтенант бир нече метр алыста жарылуу башталганда каза болуп калам деп ойлогонун мойнуна алды. Анын акыркы каалоосу ата-энесине аларды жакшы көрөрүн айтууга жетишүү болгон. Ошондуктан видео тартып, ал казакстандык жана чет өлкөлүк интернет колдонуучуларга тарап кеткен.

«Элестетип көрсөңүздөр, ал жерде капыстан каза болуп калышың мүмкүн болчу. Өлүм алдында чын ниетим менен ата-энем менен коштошуп, аларды жакшы көрөрүмдү айттым. Бирок андан кийин өзүмдү колго алып, антымды, формамды эстедим. Өзүмдүн ким экенимди жана кандай милдетти аткарышым керектигин эстедим. Ойлонбой туруп өлүм алдында башкаларды коргоп калууну чечтим. Дүрбөлөңгө түшпөө керек деп ойлондум.

Андан кийин жашоочуларды шаардан чыгарууга жардам бердим. Дүрбөлөңдүн айынан канчалаган авария болду. Сөгүнүп, кыйкырууга туура келди. Адамдарды жөнөтүү үчүн унааларды токтотуп жаттым. Ар бир адам коркот, бирок аны жеңүү керек. Апам 1967-жылы, атам 1966-жылы төрөлгөн. Апам дарыгер, ооруканада иштейт. Ал эми атам ишкер», - деди Исатай Алибаев.

Ал эми «Nur.kz» басылмасынын маалыматы боюнча, Исатай Алибаевге жашоочулардын бири адамдарды коопсуз аймакка көчүрүүгө жардам бергени үчүн акча берген.

Лейтенант акчаны кайтарууга аракет кылып, бирок аны берген адам белек экенин айтып, албай койгон. Исатайдын айтымында, акчанын так суммасын билбейт, бирок 100 миң тенге (болжол менен 18 300 сом) деп болжолдоп жатат.

«Мен өзүмдүн аскердик милдетимди гана аткардым. Менин ордумдагы ар бир киши ушундай кадамга бармак», - деди ал.

Видеодон жоокердин «Эгер каза болуп калсам… Ата-апа, мен сиздерди жакшы көрөм» деп айтканын угууга болот.

Буга чейин Арыс шаарынын жашоочуларын көчүрүүгө жана тартипти көзөмөлдөөгө Улуттук гвардиянын 500 аскери жөнөтүлгөнү маалымдалган.

24-июнда Арыс шаарынан алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктө жарылуу болду. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголду.

Расмий маалыматтарда болжолдуу 165 адам медициналык жардамга кайрылганы айтылат. Алардын арасында кош бойлуу келиндер жана жаш балдар да бар. Жабыркагандардын айрымдары ооруканага жаткырылса, айрымдары текшерүүдөн кийин үйүнөн дарыланууга жөнөтүлдү. Ошондой эле каза болгондор да бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком