06:21, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаар»: Жол кыймылынын эрежесин бузгандар жалпы 125,7 млн сом айып пул төлөштү

На русском
18:02, 25 кулжа 2019 211

Баракелде -  «Коопсуз шаар» долбоорунун «Акылдуу шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында кырсыктар жана андан каза болгондордун саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкектеги маалымат жыйында Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу 4-марттан баштап Кыргызстан боюнча жол кырсыктын саны 0,8 пайызга кыскарган. Ал эми Бишкекте 3,5 пайызга, Чүйдө 4 пайызга азайды.

Ошондой эле жалпы Кыргызстанда жол кырсыктан каза болгондордун саны 21,5 пайызга, Бишкек боюнча 52 пайызга, ал эми Чүй боюнча 37,2 пайызга кыскарган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун 24-июндагы статистикасы боюнча, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежеси бузулган 211 миң 384 учур катталган. Анын ичинен жол кыймылынын эрежесин бузуу боюнча 89 миң 980 токтомдун негизинде айып төлөнүп, жалпы суммасы 125 млн 730 миң сомду түздү.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком