06:17, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардын» 2-этабы 7 облус, 17 шаар жана 73 калктуу пункттарды камтышы керек

На русском
14:36, 25 кулжа 2019 185

Баракелде -  Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын ишке ашыруу аракеттери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, бул этап 7 облусту, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу пункттарды камтышы керек.

Экинчи этапты ишке ашыруунун жүрүшүндө 306 аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу (266 стационардык, 40 көчмө) пландалган. Бул багытта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком