06:19, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Элчи К.Өмүралиев Алайдан Анкарага көчүп барган этникалык кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

На русскомEnglish
12:10, 25 кулжа 2019 191
Кыргызы в Чубуке
Кыргызы в Чубуке
// Посольство КР в Турции

Баракелде -  23-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев этникалык кыргыздар жашаган Анкара шаарына караштуу Чубук районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Чубук районунун мэри Баки Демирбаш жана аким Угур Сезер менен маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери, анын ичинде Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланды.

«Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн ата-теги Алайдан болгонун эске алуу жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, тараптар Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Алай району менен Чубук районунун ортосунда достук жана боордоштук байланыштарды түзүү максатка ылайыктуулугун белгилешти», - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чубук районунун кѳчѳсүнѳ же паркына кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун атын ыйгаруу, ошондой эле «Ата Журт» этнокомплексин куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү макулдашылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком