05:52, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмү даяр

На русскомEnglish
10:42, 25 кулжа 2019 1144

Баракелде -  Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу бүтүмү даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин бүгүн, 25-июндагы отурумунда билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын бүтүмүн кароо маселесин күн тартибине киргизүүнү сурады. Андан кийин парламентте каралышы керек.

----------------------------------------------------

20-июнда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомдун долбоору каралып, кабыл алынган токтом юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Атайын түзүлгөн комиссиянын тыянагы менен А.Атамбаевге коюлган 9 айыптын ичинен алтоо калтырылган. ТИЗМЕ

Комиссиянын курамы:

КСДП: Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембедиев.

«Республика—Ата Журт»: Нурлан Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов.

«Кыргызстан»: Канат Исаев, Алмазбек Токторов.

«Өнүгүү-Прогресс»: Алтынбек Жунус уулу.

«Бир бол»: Бактыбек Турусбеков.

«Ата Мекен»: Каныбек Иманалиев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком