23:19, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тбилисиде массалык митингдер уланып жатат

На русском
10:36, 25 кулжа 2019 66

Баракелде -  Грузиядагы массалык нааразычылыктар уланып жатат. Кечээ, 24-июнда миңдеген адамдар парламенттин алдына чогулуп, ички иштер министринин отставкасын талап кылышканын «DW» билдирди.

Митингге катышкандар буга чейинки нааразычылык акциясында кармалган адамдарды бошотууну талап кылып, Тбилисидеги башкы проспектини жаап салышкан. Кезектеги нааразычылык башталганга чейин Грузиянын бийлиги талаптардын бир бөлүгүн — мажоритардык шайлоо системасын жоюуну убадалашкан болчу.

Башкаруучу партия — «Грузин кыялынын» лидери Бидзина Иванишвили: «2020-жылдагы парламенттик шайлоо пропорционалдык система боюнча өтөт», - деди.

Грузиядагы массалык нааразычылыктар 20-июнда Тбилисиде парламентте Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гаврилов сөз сүйлөгөндөн кийин башталган болчу. С.Гаврилов Парламенттер аралык ассамблеянын сессиясын парламенттин спикерине арналган жерде сөз сүйлөп ачып, чогулгандарга орус тилинде кайрылган. Анын сөзүн оппозициялык депутаттар бөлүп, россиялык делегациядан парламенттен чыгып кетүүнү талап кылышкан.

5 миңдей активист парламенттин имаратынын алдына чогулуп, төраганын отставкасын талап кылышкан болчу. Кийинки күнү башкаруучу партия аны отставкага кетирген. Ушул эле күнү кечинде активисттер мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен кайрадан чогулушкан. Полиция митингге чыккандарды таратуу үчүн резина окторду жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Анын кесепетинен митингчилер жана полиция кызматкерлери да жабыркаган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком