23:21, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Моңголиянын борборунда эски шаардын калдыктары табылды

На русскомEnglish
09:40, 25 кулжа 2019 75

Баракелде -  Моңголиянын борбору Улан-Батор шаарынын Багануур районунун аймагында 3-июндан тарта изилдөө иштери башталды. Изилдөөнүн жүрүшүндө гунндар жашаган доорго таандык эски шаардын калдыктары табылганын «Mongolnow» басылмасы жазды.

Бул иштерди Моңголиянын Илимдер академиясы жүргүзүп жатат. Учурда академиянын кызматкерлери калдыктарды казуу иштерин улантууда. Мындай иштер 3 жылга чейин созулуп, райондогу туризмди өнүктүрүүдө жана моңгол элинин тарыхын кийинки муунга пропагандалоодо маанилүү экени белгиленди.

Адистер, райондун администрациясы жана маданият кызматкерлери изилдөө иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком