03:16, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020251 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020140 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
17:24, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Маркум ырчы Чубак Сатаевдин уулу айылда эмне менен алек? Сүрөт
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Казакстандагы жарылуу: Жашоочулардын бардыгы шаардан чыгарылды. Президент Токаев Арыска жөнөп кетти

На русском
21:59, Кулжа айынын жыйырма төртү, 2019 8359

Баракелде -  Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарынын жашоочулары толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу облустун акими Умирзак Шукеев шаардагы абалга байланыштуу уюштурулган брифингде билдиргенин «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Аталган шаарда 45 миң адам жашайт.

«Адамдарды кайсы аймакка көчүрүү керек экени аныкталды. Аларды 3 жерге топтоп, транспорт каражаттары тартылды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен шаардан чыгып кетүү керектиги эскертилди. Аскер кызматкерлери жана полиция калып калган адамдарды чыгаруу үчүн шаарды кыдырып жүрүшөт», - деди аким.

Шаардан көчүрүлгөн адамдар мектептерге жайгаштырылат. Ал эми шаарды коргоо үчүн 345 мобилдик кызматкер, 75 транспорт каражаты, 51 кечиктирилгис жардам экипажы тартылды.

Арыс шаарындагы аскер бөлүктүн кампасындагы жарылуунун кесепетинен 1 адам каза болуп, 71 адам жабыркады. Ошондой эле өз алдынча медицина кызматкерлерине 23 адам кайрылса, 48 адам клиникага жеткирилгенин Ыкчам медицина борборунун башчысы Биржан Оспанов билдирди.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы социалдык түйүндөгү баракчасына: «Президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы абал менен таанышуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти», - деп жазды.

Басма сөз катчы президентти вице-премьер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери коштоп кеткенин кошумчалады. Арыс шаарындагы окуя боюнча кылмыш иш козголду.

Бүгүн, 24-июнда Арыс шаарында аскер бөлүктүн ок-дарылар сакталган кампасында жарылуу болду. Аталган кампа СССР учурунда курулуп, аймактагы чоң кампалардын бири болуп саналат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком