23:21, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандагы жарылуу: Жашоочулардын бардыгы шаардан чыгарылды. Президент Токаев Арыска жөнөп кетти

На русском
21:59, 24 кулжа 2019 7828

Баракелде -  Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарынын жашоочулары толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу облустун акими Умирзак Шукеев шаардагы абалга байланыштуу уюштурулган брифингде билдиргенин «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Аталган шаарда 45 миң адам жашайт.

«Адамдарды кайсы аймакка көчүрүү керек экени аныкталды. Аларды 3 жерге топтоп, транспорт каражаттары тартылды. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен шаардан чыгып кетүү керектиги эскертилди. Аскер кызматкерлери жана полиция калып калган адамдарды чыгаруу үчүн шаарды кыдырып жүрүшөт», - деди аким.

Шаардан көчүрүлгөн адамдар мектептерге жайгаштырылат. Ал эми шаарды коргоо үчүн 345 мобилдик кызматкер, 75 транспорт каражаты, 51 кечиктирилгис жардам экипажы тартылды.

Арыс шаарындагы аскер бөлүктүн кампасындагы жарылуунун кесепетинен 1 адам каза болуп, 71 адам жабыркады. Ошондой эле өз алдынча медицина кызматкерлерине 23 адам кайрылса, 48 адам клиникага жеткирилгенин Ыкчам медицина борборунун башчысы Биржан Оспанов билдирди.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы социалдык түйүндөгү баракчасына: «Президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы абал менен таанышуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти», - деп жазды.

Басма сөз катчы президентти вице-премьер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери коштоп кеткенин кошумчалады. Арыс шаарындагы окуя боюнча кылмыш иш козголду.

Бүгүн, 24-июнда Арыс шаарында аскер бөлүктүн ок-дарылар сакталган кампасында жарылуу болду. Аталган кампа СССР учурунда курулуп, аймактагы чоң кампалардын бири болуп саналат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком