22:57, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жаш жигит таң эрте дүкөндү тоноп кеткен (сүрөт)

На русском
19:01, 24 кулжа 2019 230

Баракелде -  Бишкек шаарында дүкөндөн тамеки жана таттууларды уурдоого шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май РИИБге 4-июнда К.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылып, ушул эле күнү саат 05:00 чамасында дүкөнүн тоноп кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүү тамеки жана таттууларды уурдап, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Б.Э. кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком