10:09, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандагы жарылуу: Улуттук гвардиянын 500 аскери Арыс шаарына жөнөтүлдү

На русском
18:59, 24 кулжа 2019 1173

Баракелде -  Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарынын жашоочуларын көчүрүүгө жана тартипти көзөмөлдөөгө Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы билдирди.

«Арыс шаарындагы жашоочуларды көчүрүүгө жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө Казакстандын Улуттук гвардиясынын 500 аскери менен 6506-аскер бөлүгүнөн 30дай техника жиберилди. Улуттук гвардиянын аскерлеринин иш-аракетин «Оңтүстик» аймактык командачынын биринчи орун басары, штабдын башчысы Андрей Каскеленов башкарып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 24-июнда Арыс шаарынан алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктө жарылуу болду. Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы менен полиция кызматкерлери тартылган. Аскерлер шаардын жашоочуларын көчүрүүгө жардам беришкен. Ошондой эле элдерди коопсуз жайга алып кетүү үчүн өкмөт атайын автобустарды бөлүп берген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком