04:49, 19 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ардагер милиционерлерди калпак, чапан кийгизип узатышты

18:17, 24 кулжа 2019 (Жаңыланды: 21:37, кулжа 25 2019) 103

Баракелде -  Бишкекте Кыргызстандын ички иштер органдарындагы 2 кызматкер ак калпак жана чапан кийип, ардактуу эс алууга узатылды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт кызматынын мурдагы штаб башчысы, милициянын капитаны Ырыскелдиев Максат Курманакунович жана ошол эле бөлүмдүн взвод командиринин орун басары болуп көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келген милициянын прапорщиги Чапаев Бактыбек Карыпидинович ардактуу эс алууга чыгышты.

Иш-чарада бөлүмдүн башчысы, милициянын подполковниги А.Момбеков: «Бүгүн сиздер ардагерлердин катарына кошулуп жатасыздар. Сиздердин бөлүмгө гана эмес, бүткүл Күзөт кызматына кошкон салымыңыздар зор. 25-30 жылдан бери ушул бөлүмдүн дубалдарында жөнөкөй милиционер кызматынан штаб башчысы жана взвод командиринин орун басары кызматтарына чейин иштеп, кесиптештердин арасында кадыр-баркка ээ болуп, жаш милиция кызматкерлерине тарбия берип, насаат айтып
келдиңиздер. Сиздерге жаш кызматкерлерди тарбиялоого, Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңар үчүн ыразычылыгыбызды билдиребиз», - деп белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком