07:49, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандагы жарылуу: Ыйлаган жоокер, жөө качкан адамдар, ээн калган шаар (видео)

На русском
17:33, 24 кулжа 2019 8489
Арыс шаары
Арыс шаары

Баракелде -  Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарынын аймагындагы аскер бөлүктө жарылуу болду. Окуя бүгүн, 24-июнда катталганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматы билдирген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Эскертүү: Видеолордо сөгүнгөн сөздөр бар

Ал эми Шымкенттин саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 11 адам дарыгерлерге кайрылып, аларга тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле ар кандай жаракат алган 6 адам ооруканага жаткырылды.

Арыс шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланып, жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү иштери улантылып жатат. Адамдарды эвакуациялоо үчүн 56 автобус жөнөтүлдү.

Ал эми мессенжерлерге жоголгон балдардын сүрөттөрү, ээн калган шаардын видеосу тарап жатат.

indl

Мындан тышкары бензиндин жана азык-түлүктүн баасы дароо жогорулап кеткени айтылууда. Ошондой эле интернетке жоокерлердин кайрылуусу тарады.

------------------------------------------------------------------------

Буга чейин облустун акиминин кеңешчиси Сакен Калкаманов региондун башчысы Умирзак Шукеевдин өзгөчө кырдаалга байланыштуу билдирүүсүн тараткан.

«Аскер бөлүктүн аймагында жарылуулар болду. Облус боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бардык райондор, калктуу конуштар мобилизацияланды. Биз шаардын жашоочуларын толугу менен эвакуациялоо керектигин көрүп турабыз. Ошондуктан унаалар адамдарды атайын уюштурулган лагерге жеткирет», - деген Умирзак Шукеев.

Анын айтымында, бардык акимдер эвакуацияланган адамдар үчүн лагерь уюштуруп, ал жерге жеткирилгендердин тизмесин түзүп, туугандары менен мейманканаларга жайгаштырышы керек.

«Ар бир лагерди район акимдери жетектейт. Учурда эвакуациялоо маселе болуп жатат», - деген ал.

Облус жетекчилиги билдиргендей, учурда атайын штаб түзүлүп, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери окуя болгон жерге барышты. Бардык жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми президент Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөгү баракчасына: «Коргоо министрине, ички иштер министрине жана Түркстан облусунун акимине Арыс шаарындагы аскер бөлүктүн ок-дарылар сакталган кампасындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чара көрүүнү тапшырдым. Жашоочулардын коопсуздугун камсыздап, жарылуунун себебин аныктоо керек», - деп жазган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком