11:44, 24 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Гүлнара Жамгырчиева — Кыргызстандагы балдардын акыйкатчысы

16:40, 24 кулжа 2019 (Жаңыланды: 16:56, кулжа 24 2019) 55
Гүлнара Жамгырчиева
Гүлнара Жамгырчиева

Баракелде -  Кыргызстандагы балдардын акыйткатчысы болуп Гүлнара Жамгырчиева эмгектенет. 19-июнда акыйкатчы Токон Мамытов балдар акыйкатчысынын милдетин орун басары Г.Жамгырчиевага тапшыруу боюнча буйрукка кол койгонун ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өлкө аймагында балдарга карата зордук-зомбулукту жана жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштардын өсүшүн эске алуу менен кабыл алынган.

«Зордук-зомбулукка кабылган балдарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында, балдарга жардам берүүгө багытталган укуктук жана уюштуруучулук чараларды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн, балдарга билим берүүчү атайын адистештирилген мекемелердеги мугалимдерге, жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекторлорго жана социалдык коргоо кызматкерлерине, андан тышкары балдарга жана алардын ата-энелерине балдарды зордук-зомбулуктан коргоо жана алдын алуу үчүн түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүү максатында жана жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик органдар арасындагы тыгыз кызматташтыкты түзүү үчүн акыйкатчынын орун басары Жамгырчиева Гүлнара Оморовнага балдар акыйкатчысы милдети жүктөлсүн», - деп айтылат буйрукта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком