10:06, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерди куттуктады

15:46, 24 кулжа 2019 55
Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев
// Пресс-служба правительства

Баракелде -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоосун басма сөз кызматы таратты.

«Мамлекет кесипкөй, жогорку адеп-ахлактуу мамлекеттик кызмат менен гана ийгиликке жетишип өнүгө алат. Ал мамлекеттик тутумдун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Ошондуктан жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуудагы силердин баа жеткис салымыңарды белгилей кетүү маанилүү.

Өз кезегинде өлкө өкмөт жүргүзүп жаткан саясатынын натыйжалуулугун, ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Бул күн тартибин түзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин ролу чоң. Анткени сиздер улуттук саясатты жүргүзүүчү болуп саналасыздар. Албетте экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөр көңүл борборунда болушу керек.

Силер мындан ары карай да берилип иштеп, алдыдагы милдеттерди таасирдүү чечип, өлкөбүздү өнүктүрүүгө жана анын жарандары үчүн бардыгын жасайсыздар деп ишенем. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан гүлдөп-өнүгүүсү үчүн дагы көп иштерди жасоо керек. Бул өңүттөн алганда бардык багыттарда экономикалык өсүшкө, туруктуулукка жана бекемдөөгө арналган кыймыл-аракеттерди улантуу зарыл.

Баарыңарга бекем ден соолук, жакшылык, бакубатчылык жана бардык башталыштарда ийгиликтерди каалайм!», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком