10:01, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:33, жетинин айы 21 2019 (4 адам окуп жатат)
Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

Түркияда кыргызстандык 40 мигрантта көйгөй жаралды

15:42, 24 кулжа 2019 90
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Түркиянын Мармарис шаарында эс алуу мезгилине карата эмгектенүүгө барган кыргызстандыктар көйгөйлөргө кабылышкан. Бул көйгөй алгач социалдык түйүндөр аркылуу жарыяланып, учурда Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун көзөмөлүнө алынды.

«Мармарис шаарындагы мейманканага иштөөгө барган кыргызстандык 40 жарандын укуктары одоно бузулуп, иш берүүчүлөр тарабынан шарттар (иш күнүнүн 15 сааттан ашык убакытка узартылышы) жана айлык акы (келишимде көрсөтүлгөндөн кыйла аз) эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөндөй болбогону айтылып, эмгек мигранттары нааразычылыгын билдиришкен. Эки тараптуу келишим Кыргызстанда жайгашкан иш менен камсыздоо жеке агенттигинин ортомчулугу менен түзүлгөн.

Ал жактан биздин 17 жаран мейманканада иштөөдөн баш тартышып, өз алдынча жумуш издеп чыгып кетишкен. Ал эми мейманкананын жетекчилиги келишимден баш тарткан ар бир жаранды 850$ доллар айып төлөөгө мажбурлаган. Үч жаран акчаны төлөөгө каршылыгын билдиргенде полиция аркылуу депортацияга кылууга аракет кылышкан», - деп айтылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Бул кырдаал боюнча эмгек мигранттарынын укугун коргоого тиешелүү чараларды көрүү, жарандарды Түркияга ортомчу болуп кетирген жеке ишкананын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча өтүнүч каттар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Мамлекеттик миграция кызматына жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком