06:19, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Аламүдүн» базарынын аймагындагы аялдамалар иретке келтирилди (сүрөт)

13:14, 24 кулжа 2019 64

Баракелде -  Бишкек шаарынын «Аламүдүн» базарынын аймагындагы аялдамалар иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейдге транспорт башкармалыгы, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек–Токмок, Бишкек–Кант, Бишкек–Виноградное айылы, Бишкек–Ленин айылы каттамындагы кичи автобустардын айдоочуларына карата 5 протокол жана 2 акт түзүлдү. Алар коомдук тарнспортторго тоскоолдук жаратып, мыйзамсыз унаа токтотуучу жай уюштуруп жана аялдамаларда авариялык абал жаратышкан.

Мындай иш-чаралар тынымсыз улантылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком