23:15, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Профсоюздун өкүлдөрү митингге чыгышты (сүрөт)

На русском
12:44, 24 кулжа 2019 124
// АКИpress

Баракелде -  Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдына Профсоюз федерациясынын жана анын мүчөлүк уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту. Алар «Профсоюздар жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбооруна каршы болуп жатышат.

Буга чейин алар Профсоюз федерациясынын имаратынын жанында флешмоб уюштурушкан. Бул жолу 300дөй адам чогулуп, «Биригүү эркиндигине укуктуубуз» деген жазуулары бар футболка кийип чыгышты.

Мыйзамга каршы чыккандардын айтымында, «Профсоюздар жөнүндөгү» мыйзам Бириккен улуттар уюмунун конвенциясына карама-каршы. Ошондой эле алар белгилегендей, мыйзамда профсоюздун көз карандысыздыгын токтотуу жүрүп жатат.

«Парламенттин мүчөлөрүнүн профсоюзду өзгөртүү аракети чындыгында көз карандысыз профсоюздар уюмун жок кылуу болуп жатат. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы биригүү эркиндигине иштеп жаткан жарандардын укугун кысууга багытталган», - дешти чогулгандар.

Жаңы мыйзам долбоорунда профсоюз чыга албай турган ченем орнотулуп жатат. Бул мыйзамда бардык профсоюздар бир гана борборго баш ийген иерархиялык система түзүлдү. Ошондой эле Профсоюздар федерациясы өкмөткө социалдык өнөктөш катары профсоюздардын жалгыз бирикмеси болуп саналат.

Мыйзамдын долбоору профсоюздардын биригүүсүнө, биригүү уюмдарынын түрүн, түзүлүшүн, формасын өз алдынча аныктоого чектөө коет. 13-июнда аталган мыйзам долбоору Жогорку кеңештин биринчи окуусунда кабыл алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком