10:05, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ашхабадда жаңы шаар пайда болот (видео)

На русском
10:02, 24 кулжа 2019 116

Баракелде -  20-июнда Түркмөнстандын Ашхабад шаарынын мэриясында президент Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу өткөрүп, түндүк жактагы жаңы шаардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу «Түркмөнстандын хроникасы» басылмасы билдирди.

Президентке келечектеги имараттын эскиздери, ошондой эле Архитектура жана курулуш министрлиги жана Архитектура жана курулуш институтунун студенттери менен окутуучулары тарабынан даярдалган ири макет (алгачкы үлгү) көрсөтүлдү.

Аталган басылманын маалыматы боюнча, шаардын ичиндеги шаар «Ашхабад-сити» деген расмий эмес аталышты алды. Шаар 744 гектар аянтты ээлейт. Ал жерге 200 имарат салынып, анын ичинен 180 имаратта 12 кабаттан 35 кабатка чейинки турак жайлар болот. Район 107 миңден ашуу адам жашоого эсептелип, төрт орто мектеп жана төрт бала бакча курулат.

Мамлекет башчынын айтымына караганда, жаңы курулуп жаткан объекттер заманбап стандарттарга дал келиши керек.

«Жаңы шаар борбордун түндүк бөлүгүн жашоочулар менен инвесторлорду бизнес жана иш менен камсыз кылуу үчүн экономикалык борборго айлантат. Ошондой эле ишкердиктин жана инновациянын өнүгүшү боюнча шарттарды камсыздайт», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком