06:20, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бүгүн Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт

09:17, 24 кулжа 2019 175

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 24-июнда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында өнөр жайды, жеңил өнөр жайды, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү келечеги жана азыркы абалы талкууланат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Комитет инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекет жана бизнес-коомчулуктун ортосунда пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком