10:05, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

25 жашында көз жумган акын Г.Боскееванын артында эки баласы калды

08:23, 24 кулжа 2019 8617
Гүлбарчын Боскеева
Гүлбарчын Боскеева

Баракелде -  Акын Гүлбарчын Боскеева 25 жашында көз жумду. Анын артында 2 жаш баласы калганын акын Бердибек Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, Гүлбарчынга Москва шаарында бооруна операция жасалган. Ал 14 саатка созулган операциядан кийин ойгонгон эмес. Ат-Башыда төрөлгөн жаш акын Кочкор районунун Дөң-Алыш айылына келин болгон.

Гүлбарчын «Жаңы толкун» адабий клубунун активдүү мүчөсү болчу. Өзүнүн жеке ыр жыйнагы чыккан эмес, бирок жазган ырлары интернетке жарыяланып жүргөн.

Маркум бүгүн, 24-июнда Дөң-Алыш айылында акыркы сапарга узатылат.

Абайласак болмок экен (ыр Г.Боскееванын калемине таандык)

Жолуктук бүгүн дагы көпчүлүктө,
Сагыныч, кусалыктар ашып турду.
Карашып аралыктан көз жүгүртө,
Каректер муңайымга батып турду.

Сиз төрдө, а мен ооздо, эки жакта,
Сыр катып телмиребиз, тиктешебиз.
Топурап баары үйүнө кетип жатса,
Топ элдин арасынан издешебиз.

Табышып колдор колду кыса кармап,
Сыр бербей эл көзүнө саламдаштык.
Жарыңыз көрсө балким ызаланмак,
Анткени сүйөнүшө катар бастык.

Көөдөн толгон көп ойлорду бөлүшпөй,
Кантмек элек кетүү керек коштошуп.
Абайласак болмок экен көрүшпөй,
Алдык бүгүн жан дүйнөнү боздотуп.

Узадык улам артты карай кала,
Уңулдап ичтен ыйлап бара жаттым.
Тосуп алды мен кетчү аялдама,
Күнүмдүк турмушума аралаштым.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком