23:21, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте сот бийлигинин көз карандысыздыгы талкууланды

07:56, 24 кулжа 2019 32

Баракелде -  Бишкек шаарында 21-22-июнь күндөрү «Сот бийлигинин көз карандысыздыгы: улуттук аспектилер жана эл аралык стандарттар» темасындагы семинар өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эки күндүк семинарга Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы — элчи Эдуард Ауэр, төрайымдын орун басары Нургүл Асанова, судья Чынара Садырова, Жогорку Кеңештин, Конституциялык палатанын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин, бейөкмөт уюмдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана акыйкатчы Токон Мамытов катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө судьяларды тандоо жана дайындоо, соттук корпусту түзүүдө Жогорку Кеңештин ролу жана жоопкерчилиги, судьяларды тандоо боюнча кеңештин ишмердүүлүгүндөгү көз карандысыздык принциптерин ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары сот системасын санариптештирүү, судьяларды окутуу, судьялардын дисциплинардык жоопкерчилиги жана башка маселелер дагы каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча сот тутумунун көз карандысыздыгы жөнүндөгү маселелер боюнча жарандык коомдун сунуш-пикирлери иштелип чыгат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком