03:21, 12 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевдин иши: Мурунку судья үй камагына алынды

На русскомEnglish
18:51, 23 кулжа 2019 305
Азиз Батукаев
Азиз Батукаев

Баракелде -  «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматов үй камагына алынды. Бул тууралуу булактар билдирди.

Ж.Эрматовго карата тергөө 23-майда башталганы белгилүү болгон. 2013-жылы 9-апрелде Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Ж.Э. ЖАМКтын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучудан А.Батукаевди камактан бошотуу тууралуу сунуштамасын караган. Батукаев 8 жыл 3 ай жана 7 күн жаза өтөмөк.

«Өз кезегинде судья ЖАМКтын сунуштамасындагы А.Батукаев оор дартка чалдыкканы тууралуу материалды терең изилдебей, аны канааттандырып, ага Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген. Мурунку судья Ж.Э.ге карата Жазык кодексиндеги 335-берененин 1-бөлүмү (билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу) жана 319-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иш козголуп, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком