10:03, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Караколдо 38 жаштагы адам тергөөчү аялдын погонун жулуп, башка чапкан, - ОИИБ

На русском
13:06, 23 кулжа 2019 1641
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Ысык-Көл ОИИБ укук коргоочулардын Караколдо милиция кызматкерлери камакка алынган адамды сабагы тууралуу билдирүүсүн четке какты.

Аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол ШИИБге 19-июнда тергөөчү С.Мээрим рапорт менен кайрылган. Анда саат 21:00 чамасында Каракол шаарынын 32 жаштагы жашоочусунан жарандык никедеги 38 жаштагы күйөөсү К.Максат мас абалда аны катуу сабап, жаңжал чыгарганы тууралуу билдирүү түшкөнү көрсөтүлгөн. Жабырлануучу жазган арызын кабыл алууну талап кылгандыктан экөө тең ШИИБге жеткирилген.

«К.Максат ШИИБге келгенде, тактап айтканда тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө баарын коркутуп, сөгүнүп баштаган. Кызматкерлердин жана жарандык никедеги аялынын эскертүүсүн укпай, иш бөлмөгө түкүргөн. Ал аялы эскертүү бергенде аны ичке тээп жиберген. Тергөөчү С.Мээрим аны токтотууга аракет жасаганда К.Максат милиция кызматкеринин эки погонун жулуп алып, андан кийин башка чапкан. Ошондой эле шкафтын айнегин талкалап, иш бөлмөнүн эшигин сындырган.

Кыйкырыкты уккан Криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.К. Максатты токтотууга аракет жасаган. Бирок ал баш ийбегендиктен К.А. «ИИБ жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесинин негизинде ыкма колдонгон, тактап айтканда колун артка кайрыган. Аны жерге жаткырышып, ошондой эле Б.К. аттуу кызматкер да жардамга келген» , - деп айтылат маалыматта.

Бул факт жана шектүүнүн аялынын арызы Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Улук тергөөчү С.Мээримге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында денесинен жаракат алып, баш мээси чайкалганы аныкталган. Шектүүгө да соттук-медициналык экспертиза дайындалган, жыйынтыгы чыга элек.

21-июнда Каракол шаарындык соту К.Максаттын кармалганы мыйзамдуу экени тууралуу токтом чыгарган. Ошондой эле баш коргоо чарасын тандоодо ал 2017-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы эске алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынды.

Буга чейин Караколдо милиция кызматкерлери кармалган жаранды сабап салышканын 22-июнда Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком