05:55, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Фернас эл аралык турнирде алтын тагынды

На русском
10:05, 23 кулжа 2019 205
Юлия Фернас
Юлия Фернас

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Юлия Фернас чуркоо боюнча Казакстандагы эл аралык турнирде алтын медаль утту. Мелдеш кечээ, 22-июнда Алмата шаарында өттү.

Турнирге Казакстан, Кыргызстан, Россия, Украина, Италия, Португалия, Белоруссия, Түркия жана Америкадан 1000ден ашык жөө күлүк катышты. Кыргызстандык 6 жөө күлүк 12 км аралыкка чуркашты.

Юлия Фернас жалпы эсеп боюнча кыз-келиндер арасында мыкты аталып, белгиленген аралыкты 48 мүнөт 16 секундда чуркап өттү. Ал эми Жанара Койчуманова 14-орунду (56 мүнөт 50 секунд), Толгонай Шааева 22-орунду (58 мүнөт 51 секунд) ээледи.

Мырзалар арасында кыргызстандык Марат Малатаев жалпы эсеп боюнча 104-орунду (55 мүнөт 41 секунд), Равшан Акбаров 184-орунду (59 мүнөт 2 секунд), Элдияр Эсенгулов 343-орунду (1 саат 4 мүнөт 52 секунд) алды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком