03:36, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу: А.Атамбаев парламенттин отурумуна катышпайт

На русском
20:25, 22 кулжа 2019 469

Баракелде -  Бүгүн, 22-июнда Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушту. Жолугушууга 400дөн ашык катышты.

Экс-президент Атамбаев: «Мен эч нерседен коркпойм. Мага 12 айылдын жигиттери келди. Алар жардам сунушташты. Аларга өзүмдү коргой ала турганымды айттым. Жигиттер мени коргоо үчүн дарбазанын кире беришине жатууга даяр экенин айтышты. Мен ошондо уялдым. Он эки айылдан бүгүн 120дай адам келет деп күткөнбүз, бирок андан көп келди», - деди ал.

Ал кийинчерээк журналисттерге парламенттин экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселеси каралган отурумуна катышпай турганын билдирди. Атамбаевдин айтымында, парламент отурумга аны жана өкүлүн чакырышкан эмес.

«Алар регламент боюнча менин ыйгарым укуктуу өкүлүмдү чакырышы керек болчу. Мен бул циркке катышып, кайсы бир ролду ойнобойм», - деди Алмазбек Атамбаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком