00:04, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Instagram: Валентина Шевченконун катталуучуларынын саны 1 миллионго жетти

19:30, 22 кулжа 2019 56

Баракелде -  UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун Instagram социалдык түйүндөгү баракчасындагы катталуучулардын саны 1 млн болгонун жарыялады.

Ал бикини кийген сүрөтүн жарыялап, катталуучуларына ыраазычлык билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

We are One Million ! Thank you! ❤️ . . ? @julianchavez16 ? @alinchik_mayorova ??‍♀️ @ekutanova ? @luchoshoes ? @august_van_der_walz Creative director @tatiana_fomin_

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)20 Июн 2019 в 3:19 PDT

UFC кыргызстандык Валентина Шевченконун кийинки беттешин расмий түрдө тастыктады. 10-августта Уругвайдын Монтевидео шаарында UFC on ESPN+ 14 турнири өтөт.

Турнирдин башкы беттешинде Валентина Шевченко менен америкалык Лиз Кармуш (13-6) жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Ошондой эле бул турнирде кыргызстандык Рафаэль Физиев да беттешке чыгат.

Кармуш менен Шевченко буга чейин ММА эрежеси боюнча 2010-жылда өткөн турнирде күч сынашкан болчу. Анда дарыгер Шевченкого беттешти улантууга тыюу салып, америкалык Кармуш жеңишке жеткен. Бул беттеште Шевченко карьерасында биринчи жолу утулган.

Буга чейин 9-июнда Американын Иллинойс штатынын Чикаго шаарында UFC - UFC 238: Cejudo vs Moraes турниринде Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калган.

Биринчи раундда Шевченко америкалык атаандашы Жессика Айга таамай соккуларды узаткан. Экинчи раундда ал атаандашын сулата тээп, чемпиондук курун коргоп калган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком