10:03, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:33, жетинин айы 21 2019 (5 адам окуп жатат)
Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

«Жолдошум баары бир калың төлөйт»: 18 жаштагы түркмөн кызы караколдуктарга келин болду

14:44, 22 кулжа 2019 7615
Мирбек жана Сабрина
Мирбек жана Сабрина

Баракелде -  Сүйүү — чекти, тоскоолдуктарды, мезгилди, кыйынчылыктарды билбеген дүйнөдөгү эң сонун сезим. Буга эки же бир нече улуттан куралган үй-бүлөлөр мисал боло алат. Limon.KG басылмасы бул жолу кыргыз жигитке турмушка чыккан түркмөн кызы Сабрина Жумаева менен маектешти.

Сабрина жолдошу менен 15 жашында таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаган. Ал эми жолдошу Мирбек Нурбеков ал учурда 19 жашта болгон. Алардын мамилесине аралык жана тыюу салуулар тоскоол боло алган жок. Мирбек менен Сабрина 2 жыл кыз-жигит катар сүйлөшүп, андан кийин нике кыйдырышкан.

«Учурда 18 жаштамын, улутум боюнча түркмөнмүн. Ата-энем Кыргызстанга 30 жыл мурун көчүп келип, Ысык-Көлдүн тескей жээгинде жашап калышкан. Тамга айылында 9-класска чейин жашап, андан кийин Караколго көчүп келдик. Мектепти аяктагандан кийин окуу жайга тапшырган жокмун. Жолдошум Мирбек Каракол шаарынан, учурда 22 жашта.

Мирбек менен санаторийдин паркында сейилдеп жүрүп таанышканбыз. Ал отургучка отуруп, жакындан таанышууну сунуштады. Ал мага гүл сунуп, жагымдуу сезимдерди тартуулады. Ал берген гүл мага жаккан роза эле. Азыркыга чейин гүлдү кайсы жерден таап келгенин билбейм (күлүп). Мирбек көп белек берди, айрымдарын бүгүнкү күнгө чейин сактап жүрөм. Ал мага түбөлүк сүйүүсү тууралуу кат да жазып жүрдү.

Биринчи секундда эле Мирбектин мага болгон мамилеси тартты. Ал абдан аяр мамиле жасайт. Экөөбүз күн алыстан жолукчубуз. Мен эч жакка жөнөтүшпөчү. Ал учурда 15 жашта гана болчумун. Бирок бир мүнөткө болсо да жолугушканга аракет жасачубуз», - деди ал.

Сабрина болочоктогу жолдошу Россияга кеткенде аны 1 жыл күткөн. Мирбек мекенине кайтып келгенден кийин анын колун суроону убадалаган.

«Ал 7 айдан кийин келерин айткан, бирок 1 жылдан кийин учуп келди. Социалдык тармак аркылуу сүйлөшкүм келген жок, бири-бирибизди абдан сагындык. Ал келгенде менин колумду сурай турганын айткан болчу. Ошондуктан болочоктогу жолдошумду күтүп жаттым.

Россиядан учуп келгенден кийин Караколдогу бекеттен тосуп алдым. Ал элдин алдында тизелеп, "жанымда сенден башка эч кимди көрбөйм, мага турмушка чыгасыңбы?" деди. Бекеттеги адамдар шок болуп, мен өзүмдү ыңгайсыз сездим. Ыйлабайм деп өзүмө убада бергем, бирок кармана алган жокмун. Үч жолу ооба деп катуу кыйкырдым.

Ата-энем Мирбекти жакшы көрүшөт. Ошондуктан ал дароо эле биздин үй-бүлөнүн мүчөсү болуп калды. Мирбектин ата-энеси тууралуу айтсам, алгач апасы каршы болгону менен мени кабыл алып, азыр өз кызындай жакшы көрөт. Экөөбүз абдан жакшы мамиледебиз. Бирок айрым учурларда тилдеги тоскоолдуктан улам бири-бирибизди түшүнбөй калабыз. Түшүнбөй калсам жолдошумдан сурайм.

Үйлөнүү той өткөргөн жокпуз. Бирок нике кыйдыргандан кийин жакын туугандарыбыз келип, куттуктап кетишкен. Той өткөрүүнү пландап жатабыз. Бирок түркмөн жана кыргыз салты менен эмес, Европа стандарттары боюнча өткөрүүнү каалайбыз. Бирок жолдошум баары бир калың төлөйт (күлүп).

Жарым жыл мурун Бишкекке көчүп келгенбиз. Мирбек ашпозчу болуп иштейт, өзүм үй иштери менен алекмин. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз», - деди Сабрина.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком