Тбилисиде митингчилер башкаруучу партиянын кеңсесин кыйроого учуратты
На русскомБаракелде - Кечээ, 21-июнда Грузиянын Тбилиси шаарында митингдин катышуучулары башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын кеңсесин кыйроого учуратты. Бул тууралуу «Новости-Грузия» порталы билдирди.
Мындан тышкары митингчилер партиянын желегин өрттөп салышкан. Кийинчирээк полиция митингге чыккандарды таратуу үчүн резина окторду жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Анын кесепетинен 52 адам жаракат алды.
Нааразычылык акциянын катышуучулары парламенттин төрагасы Ираклий Кобахидзе, ИИМдин башчысы Георгий Гахарий менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Вахтанг Гомелаурини отставкага кетишин талап кылышты.
20-июнда Тбилисидеги парламентте Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гаврилов сөз сүйлөгөндөн кийин нааразычылык акциялар башталган болчу. С.Гаврилов Парламенттер аралык ассамблеянын сессиясын парламенттин спикерине арналган жерде сөз сүйлөп ачкан. Анын сөзүн оппозициялык депутаттар бөлүп, россиялык делегациядан парламенттен чыгып кетүүнү талап кылышкан.