17:39, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Учакты кулата турганын айтышты»: Өзбек президенти Сириядагы аялдардын кайтарылышы тууралуу

На русскомEnglish
12:53, 22 кулжа 2019 1804

Баракелде -  Ташкент шаарында кечээ, 21-июнда Өзбекстандын Сенатынын кезектеги отуруму өтүп, президент Шавкат Мирзиёев 156 адамдын согуш талаасынан кайтуусу боюнча комментарий берди.

Шавкат Мирзиёев: «Аларды кайтарып алуу оор болду. Абдан кыйынчылык менен кайтарып алдык. Биз ал жакка жөнөткөн учакты жарым жолдон кайтарып алууга мажбур болдук. Мага чалып, учакты кулата турганын айтышты. Учакты Азербайжанга кондурууга буйрук берүүгө туура келди. Аялдарды жана балдарды кайтарап алуу үчүн автобустарды жөнөттүк. Беш автобустун экөө гана келди. Көбүн алып келе албай калдык. Эмне үчүн аялдар ал жерге барышты? Себебин ким билет? Мен парламенттен сунуш күтүп жаткам. Алар менен кантип иштөө керектиги тууралуу сунуш берүү керек. Азыркыга чейин эч ким сунуш берген жок», - деди.

Президенттин айтымында, парламент кайтарылган жарандар менен иштешүү боюнча сунуш берүүгө тийиш.

Буга чейин «Ислам мамлекети» террордук уюмундагы согушкерлердин аялдары менен жаш балдарын өлкөсүнө кайтаруу үчүн сириялык курддар делегациясы Өзбекстандын элчилигине өткөрүп беришкенин «AFP» маалымат агенттиги Сирия өлкөсүнүн түндүк провинциясынын жетекчилигине шилтеме берүү менен билдирген.

Ал эми социалдык тармактарга Сириядан Өзбекстанга кайтып келген 148 аял менен жаш балдардын сүрөттөрү жарыяланган.

Кийинчерээк маалым болгондой, Сириядан кайтып келген аялга өзбек бийлиги эки бөлмөлүү батир белекке берген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком