07:51, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды

12:43, 22 кулжа 2019 50

Баракелде -  21-июнда Франция тараптын демилгеси боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Франциянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Лемуандын апрель айында Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктарын, биргелешкен иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды уюштурууну жана өткөрүүнү талкуулашты.

Андан тышкары Чыңгыз Айдарбеков жана Жан-Батист Лемуан Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселесин дагы талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЮНЕСКОнун алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком